7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Россияда мекендештерине каракчылык менен кол салган 4 кыргызстандык кармалды

603

Россияда мекендештерине каракчылык менен кол салган төрт кыргызстандык кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 28-ноябрда КРнын ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнө Кыргызстандын жарандары укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо менен кылмыш жасаган адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча чараларды көрүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылышкан.

Ушул жылдын 27-ноябрында саат 03:00 чамасында Россиянын Владимир облусунун Покров шаарында белгисиз адамдар темир жол бекетинин жанындагы бөлмөгө кирип, ал жерден каракчылык менен кол салышкан. Кол салгандар Жалал-Абад облусунда 1999-жылы туулган К.уулу Н. аттуу тургунун сабап, жанындагы 60 000 рубль жана уюлдук телефонун тоноп кетишкен. Ал эми Ош облусунун 1992-жылы туулган У.уулуУ. аттуу тургунун болсо байлап, күч колдонуп “Hyundai Solaris” үлгүсүндөгү унаага салып, белгисиз тарапка алып кетишкен. Кийин алар опузалап акча талап кылышканда туугандары анын банк картасына 50 000 рубль акча каражатын которгондон кийин, Москва шаарынан аны коё беришкен.

КРнын ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү өзүнүн ыйгарым укугунун чегинде токтоосуз чараларды көрүп, Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы менен бирдикте маселени иштеп чыгып, жогорудагы факты боюнча келип түшкөн арыз полициянын аймактык бөлүмүнө катталган.

Россиянын ИИМдин Владимир облусунун Петушинский району боюнча тергөө бөлүмү белгисиз адамдарга карата Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 162-беренесинин 2-бөлүмүндө «Каракчылык» көрсөтүлгөн кылмыш курамы боюнча кылмыш ишин козгогон.

30-ноябрда кылмышка шектүүлөр бараткан унаа токтотулуп, пневматикалык тапанча жана болжол менен жабырлуунучуну видеого тарткан телефон да табылып, алынган.

Жогорудагы кылмыш ишин жасоого шектүү катары Кыргызстандын төрт жараны кармалды.

— 1996-жылы туулган А.уулу К., Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун тургуну;

— 1998-жылы туулган П.Ч., Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун тургуну;

— 2000-жылы туулган И.уулу Х., Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну;

— 2001-жылы туулган О.уулу М., Жалал-Абад облусунун Аксы районунун тургуну.

Учурда жогорудагы адамдарга карата жүргүзүлүп жаткан алдын ала тергөө учурунда камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды. Учурда иликтөө жүрүп жатат.

Алдын ала маалыматтарга караганда, жабырлануучу менен айрым шектүүлөрдүн ортосунда карыздык мамиле болгон.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

604