Бүгүн, 28-апрелде Баткен районунун Ак-Сай айылында кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, учурда ташбаран орун алды. Бул тууралуу «7-каналдын» Баткен облусундагы журналисти билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүн саат 11:00 чамасында Ак-Сай айылындагы Ак-Суу дарыясынын боюнан тажик жарандары экскватор жана «КамАЗ» менен шагыл алып чыгып кетишкен.
Ал эми 11:30 чамасында Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Көк-Таш айылындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан Баткен райондук суу чарба башкармалыгынын карамагындагы башкы суу алуу түйүнүн (Головной) жарыктандыруу үчүн коюлган мамычага тажик жарандары тарабынан видео көзөмөл орнотулган. Алар экинчи мамычага да орнотуп жаткан учурда кыргыз чек арачылары тарабынан токтотулган.
Кыргызстандын аймагына тажик тараптан коюлган видео көзөмөлдү алуу боюнча Баткен районунун акими А.Орозовдун тапшырмасы менен тийиштүү райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери жана чек арачылар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканда тажик тарап ок чыгарган. Ал эми кыргыз тараптын талабы видео көзөмөлдү алуу.
Көп өтпөй эки тараптын ортосунда ташбаран орун алды. Алар дарыянын жээгинен таш менен атышышууда.
Эскерте кетсек, бүгүн чек арада ок атуу дагы болгон. Бирок октон жабыркагандар жок экендиги айтылган.