7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Кыргыз темир жолу» ишканасы темир-бетон, шпал чыгарган завод курууну пландап жатат

806

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы «Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече» темир жолун куруу, «Луговая-Балыкчы» темир жолун жарыктандыруу үчүн Кытайдын «№3 темир жол инженердик корпорациясы» ЖЧКсы менен кызматташтык келишимин түздү. Бул тууралуу  «Кыргыз темир жолу» ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

Жакынкы аралыкта Кытай компаниясынын өкүлдөрү Кыргызстанга келип, айтылган долбоорлор боюнча кеңири талкууларды өткөрөт.

Ошондой эле «Кыргыз темир жолу» ишканасы үчүнчү жактарга көз карандылыктан чыгуу максатында ички эсептен жана инвесторлордун колдоосу менен темир-бетон шпал чыгарган завод курууну пландап жатат.

Андан тышкары темир жолдогу транспорт коопсуздугун камсыздоо максатында 20 км рельс алуу үчүн тендер жарыялануу алдында турат.

Аны менен бирге 100 вагон сатылып алынат. Мунун 50 вагону ушул жылдын аягына чейин, 50 вагону кийинки жылдын II кварталында келет.

Эске сала кетсек, «Кыргыз темир жолу» ишканасына 25-июнда жаңы жетекчи келген.

32 жаштагы Сакиев Азамат буга чейин «Кыргыз темир жолунун» Мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүндө инженер, бөлүм башчысы кызматтарын аркалап келген.2010 — Улуу Британиянын Ноттингем университетин бүтүргөн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

807