7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз тилине 36 жыл: Улут болсом — тилим менен улутмун!

340

Бүгүн, 23-сентябрь — Кыргызстандын мамлекеттик тил күнүнө 36 жыл болду. 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети «Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамын кабыл алып, андан соң кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамын берген.

Бул мыйзам 2004-жылы Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан жаңыланып, анда кыргыз тили мамлекеттик тил, ал эми орус тили расмий тил деп жарыяланган. Мына, ошол күндөн бери, 23-сентябрь-кыргыз тил майрамы катары белгиленип келет.

Кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамынын берилиши-адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө, ошону менен бирге коомдун руханий жаңылануусуна, жаңыча ой жүгүртүүсүнө, эне тилдин кадырын көтөрүүгө ташталган зор кадам болгон.

Ар бир улуттун негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири, элдин элдүүлүгүн, иденттүүлүгүн, улутун аныктаган бул анын — тили. Эгер улут тилин жоготсо, бара-бара улутун жоготот. Андыктан кыргыз тилинде сүйлөп, эне тилдин өркүндөшүнө салым кошуу ар бир кыргыз атуулунун ыйык милдети.

341