7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз улуттук «Манас» театрында кадрдык өзгөрүүлөр болду

363

Кыргыз улуттук «Манас» театрынын негиздөөчүсү, Ч. Айтматов атындагы Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын жана «Даңк» медалынын ээси Азиз Биймырза уулу өз каалоосу менен директорлук кызматын тапшырды.

Директор менен бирге орун басары Ч. Айтматов атындагы Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын жана КР Ардак грамотасынын, ТҮРКСОЙ уюмунун төш белгисинин ээси Шайырбек Абдырахман уулу дагы өз каалоосу менен кызматын тапшырды.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтовдун буйругу менен Ч. Айтматов атындагы Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын ээси, маданияттын мыкты кызматкери Нурбек Талантбеков Кыргыз улуттук «Манас» театрынын директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Нурбек Талантбеков буга чейин аталган театрдын директордун орун басары кызматын аркалап келген.

 

364