Минкаб төрагасы Акылбек Жапаров Оштогу сел алып кеткен базардын соодагерлери менен жолугуп, келтирилген чыгымды ӨКМ менен биргеликте түзүлгөн атайын комиссия иликтеп чыгып, жардам ошого жараша берилерин билдирди.
Учурда изделип жаткан аялдын күйөөсү келип, жубайын таап алгыча сууну каналдарга ачпай турууну Жапаровдон суранды. Өкмөт башчы папан суу сактагычындагы суунун көлөмү көбөйүп, сууну кармоо чегине жеткенин айтты.