Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын адистери «Тазалык» муниципалдык ишканасы менен биргеликте борбордогу административдик имараттардын алдындагы тосмолорду демонтаждоодо. Тактап айтканда, Эркиндик көчөсү 57 дарегинде жайгашкан Тышкы иштер министрлигинин 230 метрден турган темир дарбазасы демонтаждалды.Бул иш «Бишкек башкы архитектура» МИнин кайрылуусунун негизинде жүргүзүлүүдө. Ошондой эле, шаар куруу-архитектуралык ишмердүүлүгү жаатында бирдиктүү стратегиялык саясатты ишке ашыруу жана борбордун эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу максатында бул багыттагы иштер улантылат.