7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз-өзбек биргелешкен долбоорлорун онлайн ишке киргизүү аземи болуп өттү

520

Президент Садыр Жапаровдун Өзбекстан Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында бүгүн, 18-июлда, Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекет башчыларынын катышуусунда кыргыз-өзбек биргелешкен долбоорлорунун онлайн ишке киргизүү аземи болуп өттү.

Эки өлкө лидерлери Кыргызстанда коммерциялык техниканы жана жеңил унааларды чогултуучу заводду расмий түрдө ишке киргизишти. Аймактын аянты 4,7 гектарды түзөт. Завод 500 адамды иш менен камсыз кылат.

Ошондой эле Кара-Балта шаарындагы кездеме жана тигүү-трикотаж буюмдарын чыгаруучу заводу ишин баштады. Комбинаттын өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 17 миң тонна трикотаж кездеме жана 7 миллион даана трикотаж продукциясын чыгарууга эсептелген.

Мындан тышкары, өндүрүлгөн электр энергиясы менен Кыргыз Республикасын камсыз кылуу максатында Өзбекстан Республикасынын Фергана жана Наманган облустарында ар биринин кубаттуулугу 200 МВт болгон эки фотоэлектр станциясынын курулушу башталды.

 

521