7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз-өзбек биргелешкен «Тандем» сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы болду

660

Өзбекстан Республикасындагы элчилигинин колдоосунда Эл аралык маданият кербен сарайында кыргыз-өзбек биргелешкен «Тандем» сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы болду. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, көргөзмөдө Алмаз Шаршекеев Кыргызстандын, Умар Раджабов Өзбекстандын заманбап жана таланттуу сүрөтчүлөрүнүн эмгектери коюлган.

Көргөзмөнүн ачылышында, элчиликтин өкүлү өтүп жаткан иш-чара маданият жана искусство тармагындагы эки тараптуу байланыштарды кеңейтүүгө, ошондой эле Кыргызстан жана Өзбекстан элдеринин достугун чыңдоого өбөлгө түзөөрүн белгиледи. Бул контекстте акыркы мезгилде өлкөлөр ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтык эки өлкөнүн ортосундагы салттуу достуктун духунда абдан динамикалуу өнүгүп жатканы баса белгиленди.

Ошондой эле биргелешкен сүрөт көргөзмөлөрүн өткөрүү практикасы мындан ары да, анын ичинде Кыргызстандын аймагында да улантыла берерээри айтылды.

Белгилей кетсек, көргөзмөнүн алкагында көрсөтүлгөн эмгектер менен 25-мартка чейин таанышууга болот.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

661