7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Исфана шаарынын аталышы Раззаков шаары болуп өзгөрдү. Мыйзамга президент кол койду

870

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарын Раззаков шаары деп кайра атоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2022-жылдын 16-мартында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззакович Раззаковдун ысымын түбөлүк калтыруу, улуттук идеологияны чыңдоо, улуттук, тарыхый салттардын жана баалуулуктардын негизинде жарандарды руханий-адептик тарбиялоону андан ары өркүндөтүүгө багыттоо болуп саналат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

871