7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз-өзбек чек арасында каза болгон 38 жана 31 жаштагы жарандардын сөөгү Кыргыз тарапка өткөрүлдү

913

Кечээ, 5-апрелде мамлекеттик чек аранын кыргыз-өзбек тилкесинде курал колдонуу менен чыр-чатак орун алып, 2 Кыргыз жараны көз жумган. УКМКнын Чек ара кызматы маалымат таратып, каза болгондордун сөөгү саат 23:46да «Маданият-автожол» өткөрүү жайы аркылуу өткөрүп берилгенин маалымдады.

«Аксы районунун Дейрес айылында Кыргызстандын жарандары менен Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын чек арачыларынын ортосунда орун алган чыр-чатактын натыйжасында УКМКнын Чек ара кызматы аткезчилик жүктөрдү ташууга катышкан жарандары издөө боюнча комплекстүү иш-чараларды жүргүзүп жатат»,- дешти алар.

Чыр-чатактын кесепетинен каза болгон Кыргызстандын төмөндөгү жарандары экендигин билдирет:

-О.Б.Т. 1984-жылы туулган, Аксы районунун Дейрес айылынын тургуну;
-О.С.Т. 1991-жылы туулган, Аксы районунун Дейрес айылынын тургуну.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

914