Кечээ, 5-апрелде мамлекеттик чек аранын кыргыз-өзбек тилкесинде курал колдонуу менен чыр-чатак орун алды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматтарга караганда, Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Дейрес айылында Кыргызстандын бир нече жараны ат менен жүктөрдү Өзбекстандын аймагына мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылышкан. Алар мамлекеттик чек ара сызыгынан 500 метр алыстыкта Өзбекстандын аймагына кирип, Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын чек арачылары тарабынан аныкталган.
«Аткезчилер өзбек чек арачыларынын токтотуу талабына баш ийишкен эмес. Жарандарды кармоо учурунда чыр чыккан. Өзбек чек арачылары өз өмүрү жана ден соолуктарын сактап калуу үчүн курал колдонуп, анын кесепетинен эки жаран алган жаракаттарынан улам каза болушкан. Калган чек ара бузуучулар Кыргызстандын аймагына качып кетүүгө үлгүрүшкөн. Өзбек чек арачыларынын маалыматына караганда, Кыргызстандын жарандары жалпы суммасы 20 миң доллардан ашык аткезчилик жүктөрдү алып өтүүгө аракет кылышкан»,- деп айтылат маалыматта.
Кийинчерээк белгилүү болгондой, каза болгондор Өзбекстанда туулуп-өскөн жарандар болгон, 2012-жылы Кыргызстандын жарандыгын алышкан. Алдын-ала алынган маалыматтарга караганда алар өздөрүндө Өзбекстан Республикасынын паспортун сактап калышкан. Чыр-чатак орун алгандан кийин окуя болгон жерге Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп, жагдайды жеринен изилдешкен. Эки тараптын чек ара өкүлдөрү ар бир тарап өз алдынча иликтөө жүргүзө турган болуп сүйлөшүшкөн.