7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чек арадан 103 миң долларды алып чыгууга аракет кылган жаран кармалды

431

Кыргызстандык жаран 103 миң 200 АКШ долларын өлкөдөн мыйзамсыз алып чыгууга аракет кылган. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, “Достук-автожол” өткөрүү жайына 37 жаштагы К.А. аттуу Кыргызстандын жараны келген. Чек ара көзөмөлүнөн өтүү учурунда ал жарандын жанынан чет элдик валютадагы акча табылган. Табылган акчанын жалпы суммасы 103 миң 200 АКШ долларын (9 млн 217 миң 276 сом) түзгөн.

Жогоруда аталган жаран валютаны бажы мыйзамын кайгып өтүп, акча каражаттарын декларациядан өткөрбөй туруп алып өтүүгө аракет кылган. Тиешелүү документтер толтурулган соң кармалган жаран жана акча каражаттар андан аркы териштирүү иштери үчүн компетенттүү органдарынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Эскерте кетсек, Кыргызстандан чет элдик валютаны накталай алып чыгууга убактылуу тыюу салынган:

— резидент эместерге жана чет өлкөлүк жарандарга 5 миңден көп накталай АКШ доллары суммасында;
— КР жарандарына жана резиденттерине 10 миңден көп накталай АКШ доллары суммасында.

КР жарандары жана резиденттери 10 миңден көп АКШ доллары суммасында накталай АКШ долларын алып чыккан учурда, белгиленген лимиттен ашкан сумманын 10% өлчөмүндө төлөм алынат.

 

 

432