7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз жазуучуларынын чыгармаларын немис тилине которгон. 99 жашында Леонард Кошут көз жумду

895

Белгилүү немис котормочусу, басып чыгаруучу, жазуучу, Кыргызстандын көп жылдан берки досу Леонард Кошут 99 жашында Берлинде каза болду. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кошуттун бүткүл чыгармачылык өмүрү совет адабияты менен байланышкан. Ал «Volk und Welt» («Калк жана дүйнө») басмаканасында иштеген мезгилин өзгөчө жылуу сезим менен эскерип келген. Анда кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун көптөгөн чыгармалары Кошуттун жубайы — Шарлотта Кошуттун котормосунда да жарык көргөн. Жубайы 2014-жылы 89 жашында каза болгон. Кошут жубайы менен мурдагы Советтер Союзуна кирген өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын атактуу жазуучуларынын чыгармаларын немис тилине которгон. Алардын эмгеги аркылуу Россиянын, Казакстандын, Кыргызстандын жана башка өлкөлөрдʏн белгилүү жазуучуларынын чыгармалары немец жергесинде таанымал болуп калган.

Шарлотта Кошут Чыңгыз Айтматовдун «Эрте келген турналар», «Кылым карытар бир күн», «Келгин куштун ыйы», «Ак кеме», «Акыр заман» ж.б. чыгармаларын которгон.

Алар Айтматов менен болгон кызыктуу жолугушууларын жана Кыргызстанга болгон сапарларын, кыргыз элинин достугу жана меймандостугу жөнүндө өзгөчө жылуу сезим менен эскерип келишкен. Бир жолу Айтматов Кошуттун үй-бүлөсү менен Кыргызстанда болгон жолугушууларынын биринде «бизди жалпы иш, башкача айтканда, жалпы тагдыр бириктирип турат» деп айткан.

Кыргызстандын элчилиги Кошуттун үй-бүлөсү менен тыгыз байланышта болуп келген жана анын туугандарына жана жакындарына, анын чыгармачылыгынын бардык окурмандарына жана күйөрмандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

896