7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Банк картаңызды башкага бербеңиз. ИИМ алдамчылыктын жаңы ыкмасы тууралуу маалымдайт

359

ИИМ жарандарды алдамчылардын тузагына түшүп калуудан сак болууга чакырат.

Ведомствонун маалыматына караганда, акыркы жылдары өлкө аймагында алдамчылык фактыларынын көбөйүшү байкалууда. Айрыкча жарандардын ишенимине кирип, телефон чалуулар, социалдык тармактар жана мессенджерлер аркылуу алдоо жолу менен акча каражаттарын мыйзамсыз ээлеп алган учурлар катталууда.

«Алдамчылар өздөрүн банк кызматкери, укук коргоо органдарынын өкүлү же жакыныңыз катары тааныштырып, ар кандай шылтоолор менен акча каражаттарын же жеке маалыматтарды талап кылышат. Көпчүлүк учурда алар жарандардын банктык карталарынын реквизиттерин, SMS аркылуу келген бир жолку сыр сөздөрдү сурап, эсептерден акча каражаттарын которууга аракеттенишет. Ошондой эле ар кандай шектүү шилтемелерди жөнөтүп, жарандардын жеке маалыматтарын мыйзамсыз алуу аракетин көрүшөт», — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, айрым учурларда «сый акы» сунуштап, банктык картаңызды убактылуу пайдаланууга берүүңүздү суранышат. Мындай аракеттер мыйзамсыз болуп саналат жана кылмыш жоопкерчилигине алып келет.

360