Бүгүн, 26-июнда 7-каналдын редакциясында кыргызча сүйлөп көпчүлүктү таңданткан жапон кызы Мисузу аттуу айым конокто болду. Жолугушуунун жүрүшүндө Мисузу айым 7-каналдын башкы директору Илязбек Балташев менен биргеликте каналдын эмгек жамааты жана студиясы менен таанышты.
Кыска убакытта кыргыз тилин бат өздөштүрүп, кыргызстандыктардын кызыгуусун жараткан жапон кызына башкы директор тарабынан 7-каналдан эфир даярдоо сунушу айтылды.
Кыргызстанга үч жыл мурун келип, учурда Бишкекте жашап жаткан Мисузу айым өзүнүн социалдык баракчаларында ден-соолукка кам көрүү жана жашоого зарыл болгон кеп-кеңештерин кыргыз тилинде жарыялап турат.
Посмотреть эту публикацию в Instagram