7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
10°C

«Кыргызнефтегаз» ААКнын мурдагы жетекчилиги кармалды

214

Өзгөчө ири өлчөмдөгү акча каражаттарды мыйзамсыз чыгарып кеткендиги үчүн “Кыргызнефтегаз” ААКнын мурдагы жетекчилиги кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

2017-2020-жылдар аралыгында “Кыргызнефтегаз” башкармалыгынын мурдагы төрагасы Б.Р.А. жетекчилиги астында күйүүчү-майлоочу майларды арзандатылган баада сатуу үчүн келишимдерди түзүү максатында жалданма фирмалардын тармагын уюштуруу боюнча коррупциялык схема аныкталды.

Бул боюнча кылмыш иши козголуп, аталган жетекчиликке карата тергөө амалдары жүрүп жатат. Жогорудагы иш-аракеттер аткарылгандан кийин аталган фирмалар жоюлуп, төлөнбөй калган салыктар 400 миллион сомдон ашык экени аныкталды.

Белгиленгендей, шектүү 4 жылдык башкаруу учурунда компаниянын кирешеси 2 миллиард 977 миллион сомду түзгөн. Жетекчилик алмашкандан кийин аталган коррупциялык схеманы жоюу менен акыркы 2 жылда ишкананын таза кирешеси 5 миллиард 800 миллион сомдон ашык сумманы түздү.

Мурдагы жетекчилик тарабынан 300 миллион сомдон ашык суммадагы кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү сатып алуу фактылары аныкталып, учурда камакка алынды. Буга көмөктөшкөн 4 адам кармалып, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагына камалды. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

215