7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Кыргызнефтегаздын» акцияларынын бир бөлүгү мамлекетке кайтарылды

575

«Кыргызнефтегаз» ААКтын акцияларынын бир бөлүгү мамлекеттин менчигине кайтарылганын УКМК кабарлады.

Бул ишкананын мурдагы жетекчиси 383 миң 590 акцияны арзандатылган баада сатып алганы аныкталган.

2019-жылы «Кыргызнефтегазды» жетектеп турган Б.Р.А. ишкананын активдерин жана мүлкүн «Газпромго» сатуу боюнча мамлекеттик программаны шылтоолоп, миноритардык акционерлерден баалуу кагаздарды сатып алуу иштерин уюштурган. Кийинчерээк кызматтык абалынан пайдаланып компаниянын аталган акцияларын төмөндөтүлгөн нарк боюнча сатып алып, аффилирленген жактарына каттаткан. 

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында жалпы суммасы 65 миллион 615 миң 400 сомдук акциялар ээсинин ыктыяры менен мамлекеттин карамагына өткөнү кошумчаланды.

 

576