Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин алдындагы «Кыргызсериал» чыгармачылык-өндүрүштүк бирикмеси” мамлекеттик мекемеси түзүлдү. Тиешелүү чечим Министрлер кабинетинин жыйынында кабыл алынды.
Жарлык, улуттук киноискусствону андан ары өнүктүрүү жана улуттук кинематографияны сапаттык жаңы деңгээлге көтөрүү, кинематографияны мамлекеттик колдоо системасын өркүндөтүү максатында кабыл алынган.
Кабыл алынган чечимге ылайык, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин алдындагы “Кыргызсериал” ЧӨБ” ММ уставын иштеп чыгуусу жана бекитүүсү, ошондой эле ушул токтомдон келип чыгуучу уюштуруу жана башка чараларды көрүүсү тапшырылды.