7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан 21 млн сомго кызамыкка каршы вакцина сатып алды

565

Эртен, 28-февралда Республикалык иммунопрофилактика борбору кызамыкка каршы 264 миң 500 доза вакцина алат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдирди.

Бул үчүн мамлекеттик бюджеттен 21 млн сом бөлүнгөн. Республикалык иммунопрофилактика борборуна вакциналарды өткөрүп берүү иш-чарасына КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева жана ЮНИСЕФтин өкүлдөрү катышат.

Белгиленгендей, кызамык оорусуна каршы эмдөө өнөктүгүнүн экинчи этабынын алкагында 9 айдан 7 жашка чейинки балдар кызамыкка каршы вакцина (ККВ) менен эмдөөдөн өтүшөт. Вакцина ошондой эле республика боюнча оорулуу менен байланышта болгон бардык адамдарды шашылыш эмдөө үчүн жөнөтүлөт.

Башка аймактарда кызамык оорусуна каршы эмдөө өнөктүгүнүн экинчи фазасы ККВ вакцинасынын кошумча дозалары жеткиликтүү болгондон кийин башталат.

566