Кыздарды чет мамлекеттин аймагына интимдик кызмат көрсөтүү үчүн жөнөтүп жүргөн адамдардын тобу кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБнен билдирди.
28-январда чет мамлекеттин жараны жана ал менен жакын мамиледе турган КР жараны жеңил акча табасың деген шылтоо менен сойкулук менен алектенүү үчүн чет мамлекеттин аймагына кыздарды даярдап жөнөтүп жаткандыгы тууралуу маалымат алынган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (адамдарды соодалоо) менен кылмыш иши козголду.
Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө эки адам жана чет мамлекеттин жараны аныкталып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Тактап айтканда, кыздарды чет мамлекеттин аймагына сойкулук менен алектенүү үчүн жөнөтүүнүн алдында, тиешеси бар адамдар боло турган иштин чоо-жайын дайыма эле айтып беришкен эмес. Жөнөтүлгөн кыздардын ар биринен 3 миң АКШ доллар суммасында пайда көрүшкөн.
Учурда тергөө иштери жүрүүдө.