7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан аэропорттору менен Мамлекеттик камсыздандыруу уюму кызматташат

295

 «Кыргызстан аэропорттору» ачык акционердик коому менен «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ачык акционердик коому камсыздандыруу жаатында өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Документке «Кыргызстан аэропорттору» ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов жана «Мамлекеттик камсыздандыруу уюм» ААК башкармалыгынын төрагасы Элдияр Калдарбеков кол коюшту.

Макулдашуу милдеттүү жана ыктыярдуу камсыздандыруу жаатындагы өнөктөштүктү өнүктүрүүгө багытталган. Анын алкагында мүлктү, транспорт каражаттарын, жүктөрдү, жарандык жоопкерчиликти, өмүрдү жана ден соолукту камсыздандыруу, ошондой эле ташууларга жана авиациялык инфраструктура объекттерин пайдаланууга байланыштуу тобокелдиктерди камсыздандыруу каралган.

Тараптар узак мөөнөттүү кызматташуунун шарттарын иштеп чыгып, негизги багыттар боюнча тиешелүү келишимдерди түзүүнү пландаштырууда.

296