7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан айыл чарба продукциясын 80ден ашык өлкөгө экспорттоодо

311

Кыргызстан 60тан ашык айыл чарба продукциясын 80ден ашык өлкөгө экспорттоодо. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, экспорттун жалпы көлөмүндө айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай продукцияларынын үлүшү 2025-жылдын январь–декабрь айларында 13,3% түздү. Ал эми 2024-жылдын ушул мезгилинде бул үлүш 8,8% болгон.

ЕАЭБге экспорт – 17,1 млрд сомду (51%) түздү.

  • Россияга экспорт – 7,8 млрд сом (эт-сүт продукциялары, жашылчалар, мөмө-жемиштер, жемиштер);
  • Казакстанга экспорт – 7,8 млрд сом (жашылчалар, мөмө-жемиштер, жемиштер, тоок эти, сүт азыктары;
  • Беларуска экспорт – 1,5 млрд сом (эт-сүт продукциялары, тоют, макарон азыктары);
  • Арменияга экспорт – 13 млн сом (жашылчалар, жаңгактар, эт продукциялары).

Бул көрсөткүчтөр өлкөдө айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай продукцияларынын экспорту туруктуу өсүп жатканын көрсөтөт. Өзгөчө ЕАЭБ өлкөлөрү негизги соода өнөктөштөр болуп саналат.

312