7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан БУУда Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү боюнча баяндама жасады

186

Кыргызстан БУУнун Туруктуу өнүгүү боюнча Жогорку деңгээлдеги саясий форумунун алкагында Туруктуу өнүгүү максаттарына (ТӨМ) жетүү боюнча II Улуттук ыктыярдуу баяндамасын ийгиликтүү сунуштады. Иш-чара Экономикалык жана социалдык кеңешинин (ЭКОСОС) колдоосу менен өтүп жатат.

Баяндаманы экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков тааныштырды.

Министр Кыргызстан 2030-жылга чейинки Туруктуу өнүгүү күн тартибин улуттук өнүгүүнүн негизги багыты катары карай турганын белгиледи.

«Туруктуу өнүгүү максаттары Улуттук туруктуу өнүгүү стратегиясынан тартып 2030-жылга чейин Өнүгүүнүн улуттук программасына чейин бир катар стратегиялык документтерге интеграцияланган. Бул жолку Улуттук ыктыярдуу баяндамадагы 17 максаттын ичинен 16сын камтып, инклюзивдүү, адилеттүү жана туруктуу коомду калыптандыруу багытындагы мамлекеттик аракеттерди чагылдырат», — деп айтылат маалыматта.

Министр Кыргызстан эл аралык кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого, топтолгон тажрыйбасы менен бөлүшүүгө жана 2030-жылга чейинки күн тартибин бардык өнөктөштөр менен биргеликте ишке ашырууну улантууга даяр экенин тастыктады.

187