Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Лондон шаарында өтүп жаткан 21-дүйнөлүк билим берүү форумуна (EWF 2025) катышууда. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.
Маалыматка ылайык, дүйнөлүк билим берүү форуму — билим берүүнү өнүктүрүүгө арналган эң таасирдүү эл аралык аянтчалардын бири болуп саналат.
Аталган форумдун башкы темасы – «Туруктуулуктан өсүшкө: биргеликте күчтүү, максаттуу жана сапаттуу билимди куруу» – дүйнөлүк коомчулуктун инклюзивдүү, ийкемдүү жана туруктуу билим берүү системаларын калыптандыруу менен адилеттүү социалдык-экономикалык өнүгүүгө жетүү, билим берүүдө санариптик технологияларды колдонуу жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү аракетин чагылдырат.
«Дүйнөлүк билим берүү форумунун негизги максатынын бири — бул жогорку деңгээлдеги билимди ар бир балага жана жалпы жаштарга жеткиликтүү кылуу үчүн багытталган ар кыл тийиштүү маселелерди талкуулоого түзүлгөн уникалдуу мүмкүнчүлүк», — деди Форумдун демилгечиси Улуу Британиянын билим берүү министри Бриджит Филлипсон.
Кыргызстан EWF 2025 форумуна катышууда билим берүү жаатында жүрүп жаткан улуттук реформаларды эл аралык мейкиндиги менен тааныштыруу, өнөктөштүктү бекемдөө жана мыкты эл аралык тажрыйбаларга жана демилгелерге жетүү мүмкүнчүлүгү катары карайт.