Кечээ, 3-февралда Кыргызстан Дүйшөмбү–Үрүмчү–Дүйшөмбү каттамы үчүн аба мейкиндигин пайдаланууга уруксат берди. Бул тууралуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, “Сомон Эйр” авиакомпаниясы 8-февралдан 21-мартка чейин Дүйшөмбү–Үрүмчү–Дүйшөмбү каттамы боюнча, ошондой эле 5-февралда ДүйшөмбүмНовосибирск–Дүйшөмбү багыты боюнча каттамдар үчүн Кыргызстандын аба мейкиндигин пайдаланууну суранды.
Каттамга Boeing 737-800 жана Boeing 737-900 учактары чыгары айтылат.