7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан экономиканын өсүү темпи боюнча алдыңкы үч өлкөнүн катарына кирди

311

Кыргызстан экономиканын өсүү темпи боюнча дүйнөдөгү алдыңкы үч өлкөнүн катарына кирди. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, Кыргызстандын ички дүң продукциясынын өсүү темпи 10% менен бара жатат. Консолидацияланган бюджет жыл соңуна чейин 1,2 триллионго чыгат деп пландалууда.

«Эгерде мурда, 2020-жылда тышкы карызыбыз ички дүң продукцияга салыштырмалуу 54 пайызын түзсө, бүгүнкү күндө тышкы карыз ички дүң продукциянын 25 пайызын түзүп, оң натыйжалар менен баратабыз”, — деди президент.

Ошондой эле өлкө башчсы Кыргызстандын өсүп-өнүгүшү үчүн толук потенциал бар экенин, бир катар долбоорлорду ишке ашыруу иштери жүрүп жатканын айтты.

312