7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан Европа биримдигинин “кара тизмесинен” расмий түрдө чыгарылды

3

Кыргызстан жарандык авиация тармагындагы эң маанилүү тарыхый ийгиликтердин бирине жетишти. Өлкө 20 жылдан бери Европа Биримдигинин учуу коопсуздугу боюнча “кара тизмесинде” болуп келген болсо, эми расмий түрдө бул тизмеден чыгарылды.

Кыргыз Республикасы аталган тизмеге 2006-жылдын 22-мартында киргизилген. Ошол учурда Европа комиссиясы өлкөнүн жарандык авиация тармагын көзөмөлдөө жана жөнгө салуу системасында бир катар олуттуу кемчиликтер бар экенин белгилеген. Натыйжада чектөөлөр бир гана авиакомпанияларга эмес, жалпы мамлекетке карата киргизилип, өлкөдө иштеген бардык авиакомпанияларга жана кийин түзүлгөн жаңы авиакомпанияларга да тиешелүү болгон.

Акыркы жылдары Кыргызстандын жарандык авиация тармагында масштабдуу реформалар жүргүзүлдү. Бул иштерге Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун, Министрлер Кабинетинин жана Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин колдоосу чоң роль ойноду.

Жаңы этап 2023-жылдын май айында Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Данияр Бостоновдун Брюсселде Европа комиссиясынын өкүлдөрү менен жолугушуусунан кийин башталган. Анда Европа тарап Кыргызстан “кара тизмеден” чыгышы үчүн эң негизги шарт катары Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ICAO) аудитинен ийгиликтүү өтүшү керектигин билдирген.

2023-жылдын сентябрында Кыргызстанда ICAOнун толук аудиттик текшерүүсү өткөрүлүп, анын жыйынтыгында өлкө учуу коопсуздугуна түздөн-түз таасир эткен олуттуу кемчиликтер боюнча бир дагы эскертүү алган эмес. Бул Кыргызстан үчүн чоң жетишкендик болуп, Европа Биримдигинин “кара тизмесинен” чыгуу жолундагы маанилүү кадамга айланган.

Андан кийин авиация тармагындагы мыйзамдар эл аралык талаптарга ылайык жаңыланып, Улуттук учуу коопсуздугу программасы иштелип чыккан. Ошондой эле авиация кызматкерлерин даярдоо, учактарды пайдалануу, учуу жарамдуулугун камсыз кылуу жана коопсуздукту башкаруу боюнча негизги эрежелер толук кайра каралып чыккан.

Реформалардын алкагында агенттиктин инспекторлорунун саны 53төн 73кө чейин көбөйтүлүп, мекеменин бюджети 2023-жылдын башындагы 62 миллион сомдон 2025-жылы 260 миллион сомго чейин жеткен. Бул каражаттар кызматкерлерди окутууга, эл аралык квалификацияларды алууга жана техникалык базаны жаңылоого жумшалган.

2025–2026-жылдары Европа комиссиясы жана EASA менен активдүү кызматташуу жүрүп, бир нече аудиттер жана консультациялар өткөрүлгөн. Ал эми 2026-жылдын март айында Бишкекте Европа комиссиясынын акыркы толук аудиттик текшерүүсү болуп өткөн. Анын жыйынтыгында Кыргызстан эл аралык учуу коопсуздугу стандарттарына туруктуу түрдө жооп берери таанылган.

2026-жылдын май айында Брюсселде өткөн Европа Биримдигинин учуу коопсуздугу боюнча комитетинин жыйынында Кыргызстандын делегациясы жүргүзүлгөн реформалардын жыйынтыгын сунуштаган. Ал эми 2026-жылдын 9-июнунда Европа комиссиясы Кыргызстанды авиация боюнча “кара тизмеден” чыгаруу тууралуу расмий билдирүү жөнөткөн.

Бул чечим өлкөнүн жарандык авиация тармагындагы көп жылдык реформалардын жана тынымсыз эмгектин жыйынтыгы болуп калды. Эми Кыргызстан үчүн эл аралык аба каттамдарын кеңейтүүгө, жаңы авиакомпанияларды өнүктүрүүгө жана инвестиция тартууга кошумча мүмкүнчүлүктөр ачылууда. Европа тарап өлкөдө жүргүзүлгөн реформаларды жана эл аралык стандарттарга жетишилген деңгээлди расмий түрдө тааныды.

Кыргызстандын авиация тарыхындагы бул ийгилик өлкөнүн эң татаал мамлекеттик милдеттерди да ийгиликтүү аткара аларын дагы бир жолу далилдеди.

4