«Кыргызстан Газпром» мектеби аралыктан окууга өттү. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, ал мектепте кимден коронавирус аныкталгандыгы азырынча белгисиз.
Ал эми мектепте иштеген кызматкерлер, коронавирус инфекциясы мугалимдерден аныкталгандыгы же окуучуларданбы анык болгондон кийин маалымат берүүнү убадалашты.
Ата-энелердин айтымында мектеп 12- апрелден баштап аралык окууда. Карантин 2 жумага узартылат.