7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Индия жана Кытайдын жарандары үчүн 7 күндүк визасыз режим киргизилет

598

Кыргызстанга кирүүнүн айрым шарттары сакталган учурда Индия жана Кытай жарандары үчүн 7 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизилет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай чечим министрлер кабинети тарабынан виза режимин мындан ары либералдаштыруу максатында кабыл алынды.

Атап айтканда, АКШ, Улуу Британия жана Шенген зонасы сыяктуу өлкөлөрдүн узак мөөнөттүү көп жолку визаларынын ээлери болгон Индия жана Кытай жарандары, өлкөдөн чыгып кеткен күндөн тартып 21 күн өткөндөн кийин кайра кирүү укугу менен 7 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим каралган.

Кытайдын Макао жана Гонконг атайын администрациялык райондорунун туруктуу жашоочулары үчүн кайтарылуучу авиабилет болгон учурда 30 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизилет, мында Кыргызстандан чыккан күндөн тартып 30 күн өткөндөн кийин кайра кирүү укугу берилет.

Бул чаралар туристтик агымдарды андан ары стимулдаштырууга жана Кыргызстандын инвестициялык жана ишкердик жагымдуулугун жакшыртууга багытталган.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

599