7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Кыргызстан келечегине ишеним менен караган өлкөгө айланып баратат»

228

«Ынтымак Ордого баш бактым. Кооздугу, масштабына сөз жок. Ичине кирип «Мына, мамлекеттик эң башкы имарат ушундай болушу керек» дей тургандай салыныптыр. Кыргыз жыттанган ар бир мамлекеттик кызматкерге дух бере турган, ошол эле учурда жоопкерчиликти сездире турган аура бар экен.

Президент Садыр Жапаровдун пейили кең, ниети ак, жолу ачык экен, кыска мөөнөттө чоң-чоң долбоорлордун арты башталып, алды жаркырап даяр болуп жатат. Президентибиздин дагы бир мыкты касиети — эч коркпой өзүнө жоопкерчиликти алып, өлкөнү орустар айтмакчы «семимильными шагами» алдыга сүйрөп баратат. Өзү да уктабайт экен, мамлекеттик машинаны дагы уктатпайт экен.

Чынын айтканда Кыргызстандын каржылык, экономикалык мүмкүнчүлүгү абдан эле чектелүү. Ошого карабастан өлкөнүн бардык тармактарында абдан тездик, оперативдүүлүк менен алдыга жылуулар башталды. Кыргызстан кечээ эле пенсия-пособиеге Дүйнөлүк банк, Дүйнөлүк валюта кору баш болгон эл аралык уюмдардан, алыс-жакынкы кошуналардан карыз сурап жүргөн өлкө болчу. Азыркыдай амбициялуу пландарды мындай коёлу, күнүмдүк жол, мектеп, көпүрө жана башка эптеп карыз алып куруп, анын ачылышына президенттерибиз чуркап барып лента кесип көзгө көрүнумүш этип жүрүшчү.

А бүгүнчү? Бүгүн Кыргызстан байкуш синдромунан арылган, келечегине ишеним менен караган өлкөгө айланып баратат. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу, Камбар-Ата-1 сыяктуу мега долбоорлорду ийгиликтүү баштап жатат. Өз күчү менен темир жол салып жатат. Өз күчү менен аэропортторду салып жатат. Мунун баары Президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында жасалып жатат. Түбөлүк тур улуу Кыргыз дөөлөтү! Президентибизге алкыш!»,- дейт ал.

229