7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан Кытай, Малайзия жана Монголия менен санариптик багытта кызматташат

411

Кыргызстан эл аралык кызматташтыкты чыңдоо максатында Кытай, Малайзия жана Монголия мамлекеттери менен меморандумга кол койгон. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри Азамат Жамангулов билдирди.

Министрдин айтымында, ведомство жыл башынан бери жогоруда аталган үч өлкө менен кызматташууга багыт алган.
Президенттин Кытай өлкөсүнө болгон иш сапарынын алкагында жасалма интеллект жана санариптик экономика тармагында, андан кийин Малайзия мамлекети менен киберкоопсуздук боюнча, ошондой эле Монголия менен мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү багытында кызматташууга кол коюлду.

Андан сырткары, министрлик ITU Forum, «КИТ-2025», «Digital Almaty» форумдарына, ошондой эле Россиядагы, Кытайдагы жана ЕАЭБ, БААЭК алкагындагы бир катар эл аралык иш-чараларга катышкан.

412