7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан – Малайзия беттешинде эки миңден ашык милиция кызматкерлери коопсуздукту көзөмөлдөйт

407

Кыргызстан – Малайзия футбол беттеши учурунда коомдук коопсуздукту Бишкек гарнизонунун 2 миң 600дөн ашык кызматкери көзөмөлдөйт. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдирди.

Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 21:00дө башталат.

«Урматтуу футбол күйөрмандары, Бишкек шаардык милициясы сиздерди коомдук тартипти жана жалпы кабыл алынган жүрүм-турум нормаларын бузбоого чакырат, стадиондун аймагына тыюу салынган буюмдарды алып кирүүгө болбой тургандыгын эскертет”, — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, беттештен бир нече саат мурун Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери борбор калаанын бир катар көчөлөрүн өзгөчө көзөмөлгө алышат. Ага ылайык, оюндун алдында кинологдор стадиондо жана анын айланасында жарылуучу жана шектүү буюмдардын бар-жоктугун текшеришет.

Беттешке 15 миңден ашык күйөрман келери күтүлүүдө.

408