7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан менен Афганистан кызматташат

410

Кыргызстанга Афганистан Ислам Эмиратынын Соода жана өнөр жай министринин милдетин аткаруучусу Ноуреддин Азизи баштаган делегация келди. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Кыргыз тарап жаңы өз ара пайдалуу кызматташуу багыттарын издөө боюнча кызыкдар экенин билдирип, ооган тарапты жүргүзүлүп жаткан экономикалык реформалар жана өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берди.

Жолугушуунун жыйынтыгында “кызматташууну өнүктүрүү боюнча жол картасы” жана
“соода-экономикалык кызматташтык боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму” документтерине кол коюлду.

Өз кезегинде Ноуреддин Азизи чакырууга ыраазычылык билдирди.

411