7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан менен Афганистан өнөр жай жана соода тармагында кызматташат

374

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Афганистандын өнөр жай жана соода министринин милдетин аткаруучу Нуруддин Азизи менен жолугушту.

Минкаб башчысы кыргыз тарап Афганстандын экономикалык жактан калыбына келүүсү, ошондой эле Афганистанда тынчтыкты жана туруктуулукту чыңдоо боюнча афган бийлигинин аракеттерин колдой турганын белгиледи. Кыргыз Республикасы өз тарабынан афган өнүгүү күн тартибинин негизги маселелери боюнча активдүү иш алып барууда, эл аралык жана аймактык программаларды, ошондой эле Афганистандагы кырдаалды жөнгө салууга жана андан ары өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү аймактык форумдарга катышууда.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар соода, транспорт, текстиль өнөр жайы, энергетика, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармактарында өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Региондук өз ара байланышты жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикасын чыңдоо үчүн жаңы транзиттик жолдор маселелери козголду.

375