7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан менен АКШ консулдук мамилелерди бекемдейт

317

Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин консулдук бөлүмүнүн жетекчиси Кейт Коллинз менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Ведомствонун маалыматына ылайык, анда тараптар консулдук тармактагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин кеңири талкуулап, өзгөчө АКШнын визалык саясатындагы акыркы өзгөрүүлөргө көңүл бурушту.

Кыргыз тарап визалык маселелер боюнча өз ара кабыл алынуучу ыкмаларды иштеп чыгуу максатында конструктивдүү пикир алмашууну улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Кейт Коллинз кыргыз жарандары тарабынан визалык режимди сактоого байланышкан айрым аспектилерди айтып, мындан аркы талкууга жана өз ара аракеттенүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар консулдук мамилелердин бардык багыттары боюнча кызматташууну мындан ары да бекемдөөгө даяр экендиктерин тастыкташты.

318