7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан менен Азербайжандын мамлекеттер аралык кеңешин түзүү жөнүндө меморандумга кол коюлду

655

Садыр Жапаров менен Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Кыргызстандын жана Азербайжандын мамлекеттер аралык кеңешин түзүү жөнүндө меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Документте, “Кыргызстан жана Азербайжан, эки мамлекеттин элдеринин ортосундагы достук салтына жана боордоштук мамилелерине негизделип, 1997-жылдын 23-апрелиндеги Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы достук жана кызматташтык жөнүндө келишимди жана 2012-жылдын 30-мартындагы Кыргызстандын президентинин жана Азербайжандын президентинин биргелешкен билдирүүсүн жетекчиликке алып, артыкчылыктуу маселелерди натыйжалуу чечүү жана эки тараптуу өнөктөштүк мамилелерди сапаттуу жаңы деңгээлге чыгаруу максатында кыргыз-азербайжан кызматташтыгын мындан ары тереңдетүүнү жана кеңейтүүнү кубаттап, өз ара пайдалуу кызматташтыктын саясий, экономикалык, гуманитардык жана башка жааттардагы эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү чыңдоо максатында, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:

  • мамлекет башчыларынын деңгээлинде Кыргызстан жана Азербайжандын мамлекеттер аралык кеңешин түзүү;
  • ушул меморандумга тиркелген Кыргызстан жана Азербайжандын мамлекеттер аралык кеңеши жөнүндө жобону бекитүү”,- деп айтылат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

656