Абаны тазалап үйгө кооздук тартуулаган гүлдөр эмеспи… Гүлдөр айланага кооздук гана тартуулабастан, ден соолуктун чың болушуна да өздөрүнүн зор салымын кошушат. Гүлдүн пайдасы тууралуу билгиңиз келеби?
Кактус
Кактустун узун ийнелүүлөрү өзгөчө пайдалуу десек болот. Аны компьютер, телевизор турган бөлмөгө коюу сунушталат, анткени бул өсүмдүк абадагы микробдорду өлтүрүп, бизди электромагниттик нурлануудан коргойт.
Алоэ күчтүү «үй-бүлөлүк доктур» деп айтылып келет. Анткени, анын жалбырактарында көптөгөн пайдалуу заттар бар. Ал эми анын ширеси ферменттерге, витаминдерге бай десек болот. Бактерияларга каршы туруучу касиетке ээ болгондуктан, көптөгөн ооруларды айыктырууда жардам берет. Мисалы, алоэнин жалбырагынын бир кесимин ооруган тишиңиз менен тиштеп турсаңыз, бир нече мүнөттөн кийин айыгат. Же болбосо жарым стакан сууга алоэнин 30 тамчы ширесин кошуп ичүү баш оорудан арылтат. Косметологдор бетти тазалоо үчүн алоени сунушташат. Ал эми ашказан ооруларын айыктырууда майдалагычтан өткөрүлгөн алоэге теңме-тең кылып бал кошуп жеш керек. Мурун бүтүүдө болсо анын ширесин 2-3 саат сайын тамчылатып туруу керек.
Хлорофитум гүлү
Бөлмө гүлдөрүнүн ичинен ден соолукка эң пайдалуусу хлорофитум гүлү. Анын пайдасы синтетикалык материалдардан чыккан уулуу заттарды жутуп алат. Мындан тышкары, хлорофитум гүлү бөлмөнү бактериялардан тазалоочу эң жакшы каражат. Бир идиштеги мындай гүл бир сутканын ичинде орточо көлөмдөгү бөлмөнү бактериялардан толук бойдон тазалап коюуга жөндөмдүү. Хлорофитум гүлү үчүн эң жакшы жай ашкана. Анткени, ал газ күйгөндө бөлүнүп чыккан уулуу заттарды да өзүнө сиңирип алат.
Герань гүлү баш ооруда, уйку качууда, стрессте, болор-болбос нерсеге кыжырдана берүүдө жардамга келет. Мындай учурда гүлдөп турган герандын жанында 10 мүнөт турсаңыз, нерв системаңыз жайына келип, маанайыңыз ачылат. Мындан тышкары, герандын сасык тумоодо пайдасы чоң. Сасык тумоо жаңыдан башталып келаткан учурда өсүп турган герандын жалбырагын колуңуз менен эзиңиз. Андан чыккан жытты жыттасаңыз, сасык тумоо жоголот. Ал эми кан басымыңыз жогору болсо, бул гүлдүн жалбырагын билегиңиздин ички бетине жармаштырып алыңыз, кан басымыңыз ордуна келет. Кулак ооруда, радикулитте жалбырактарын эзип ботко жасап, аны ооруган жерге коюу сунушталат.
Сансевьера
Эгер бөлмөңүздө аба жетишпесе, кышында аба кургак болсо сансевьера гүлүн өстүрүңүз. Бул гүл кычкылтекти бөлүп чыгарат. Мындан тышкары үй эмеректеринен чыккан зыяндуу заттардан сизди коргойт.
Фикус
Фикустун кургатылган жалбырагы геморройдо, сабагы ревматизмде жардамга келсе, сабагынын ширесин тери ооруларында, тамак сиңирүүнүн бузулуусунда, кургак учукта колдонушат. Фикус фенол, бензол сыяктуу зыяндуу заттарды өзүнө сиңирүү менен абаны тазалайт. Ошондой эле бул гүлгө тиешелүү мындай ишеним бар. Эгерде балага зар үй-бүлөлөр фикус гүлүн өстүрүшсө, балалуу болушат. Бул гүлдү уктоочу бөлмөгө коюу сунушталбайт, анткени, фикус түн ичинде кычкылтекти жутат.
Лимондун мөмөсүнүн дагы ден-соолукка пайдалуулугун айта кетсек, лимондун жалбырактары да пайдалуу касиеттерге ээ. Анда 50дөн ашык баалуу заттар бар. Лимон өскөн бөлмөнүн абасы дайыма 100 пайыз таза турат. Мындай абада оору козгогуч микробдор көбөйө алышпайт.
Мырзаларга кеңеш. Жакын адамыңыздын жан дүйнөсүн гүлдөтүп, жакшы сезим тартуулайм десеңиз гүл бергенди адатка айлантыңыз. Анткени, айымдар себепсиз гүл берген мырзаларды баалайт…