Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Катардын тышкы иштер боюнча мамлекеттик министри Султан бин Саад Аль Мурайхи менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү. Бул тууралуу аталган министрликтен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, анда Жээнбек Кулубаев президент Садыр Жапаровдун атынан Жакынкы Чыгыштагы чыңалуунун күчөшү Катар аймагына таасир эткендигине байланыштуу боордош катар элине чын жүрөктөн тилектештигин билдирди.
Тараптар кырдаалдын тез арада турукташуусуна, саясий-дипломатиялык диалогдун кайра жанданышына жана аймакта тынчтык менен туруктуулукту калыбына келтирүүгө багытталган конкреттүү чаралар кабыл алынарына үмүт артышты.



