7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан менен Казакстан өз ара жүк ташуу маселесин талкуулады

612

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Казакстандын премьер-министринин орун басары – соода жана интеграция министри Бахыт Султанов менен видеоконференция режиминде сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Жолугушуунун жүрүшүндө 2022-жылдын 16-февралында Алматы шаарында өткөн Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык кызматташуу боюнча жумушчу топтун 1-кеңешмесинин Протоколунун аткарылышы, анын ичинде өз ара жүк ташуу, жүк ташуучу автотранспорт каражаттарынын Кыргыз Республикасынын аймагынан Казакстан Республикасына, Россия Федерациясына өтүүсү жана артка кайтуусу маселелери талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар бир катар макулдашууларга жетишти, анын ичинде кыргыз-казак чек арасында, Казакстан Республикасынын аймагында жүк ташуучу унаалардын топтолуп калышына жол бербөө, эсепке алынбаган товарларды ташып келүү жана чыгаруунун алдын алуу боюнча биргелешкен чараларды көрүү, ошондой эле электрондук эсеп-фактуралар жок болгон учурда, бул транспорт каражаттары Кыргыз Республикасынын аймагына кайтарылууга тийиш экендиги боюнча макулдашуулар орун алды.

Өз ара жүк ташуу чөйрөсүндө пайда болгон көйгөйлөргө мониторинг жүргүзүү жана аны тез арада чечүү максатында мындай сүйлөшүүлөрдү ай сайын өткөрүү чечими кабыл алынды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

613