Жалал-Абадда жер көчкү жүрүп, жайкы ашкананы басып калды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда кырсык кечээ саат 16:00 чамасында Жалал-Абад шаардык мэриясына караштуу Шор-Булак тилкесинде болгон. Көлөмү болжол менен 75 метр куб жер көчкү түшкөн. Жер көчкү бастырманы толугу менен жана жайкы ашкананын жарымын басып калган. Бактыга жараша адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.
Жерине ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысынын жетекчилигинде куткаруучулардан турган ыкчам топ тартылган. Аймактын кооптуулугун аныктаган топ ошол тилкеде жашаган жаранды үй-бүлөсү менен коопсуз жайга көчүрүшкөн.
Ал эми тазалоо иштери Жалал-Абад шаарынын мэриясы тарабынан жүргүзүлөт.