7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан менен Корея “Улуттук питомниктер системасын өнүктүрүү” долбоорун ишке киргизүүдө

123

Кыргызстан менен Корея “Улуттук питомниктер системасын өнүктүрүү” долбоорун ишке киргизүүдө. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык,  19-ноябрда Токой кызматы менен Корея токой кызматынын ортосунда «Улуттук питомниктер системасы боюнча потенциалды жогорулатуу жана жергиликтүү шарттарды эске алуу менен пилоттук токой калыбына келтирүү» аттуу биргелешкен долбоордун расмий ачылышына арналган иш-чара болуп өткөн.

Иш-чарада тараптар долбоордун негизги багыттары жана алдыдагы иштер боюнча пикир алмашып, талкуу жүргүзүштү. Анын алкагында Кыргызстан аймагында заманбап көчөтканалар менен теплицаларды куруу, жазы жана ийне жалбырактуу көчөттөрдү аймактардын климаттык өзгөчөлүктөрүнө жараша отургузуу, ошондой эле токой адистерин Кореяга окутууга жөнөтүү маселелери каралды.

Мындан тышкары, өлкө ичинде тренингдер менен семинарларды өткөрүү да пландаштырылууда.
Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов Кыргызстандын токой чарба тармагындагы питомник чарбасын өнүктүрүүгө көрсөткөн каржылык колдоосу үчүн Кореянын Токой кызматына жана Токой чарбасын өнүктүрүү боюнча Корея институтуна терең ыраазычылык билдирди. Ал өз сөзүндө: “Долбоордун алкагында түзүлө турган питомниктер региондорду сапаттуу көчөт менен камсыздап, өлкөдө жүрүп жаткан «Жашыл Мурас» улуттук демилгесинин ишке ашышына олуттуу салым кошот”, — деп белгиледи.

Токой кызматынын директору Мураталы Тагаев да долбоордун ишмердүүлүгү жана анын ийгиликтүү ишке ашырылышы абдан маанилүү экенин баса белгилеп: “Заманбап көчөтканалар менен теплицалардын түзүлүшү токой чарбаларын жана республика калкын сапаттуу көчөт менен камсыз кылып, экме токойлорду түзүүгө кеңири мүмкүнчүлүк берет”, — деди.
Долбоорду ишке ашырып, тыгыз кызматташууну камсыз кылуу үчүн Токой кызматынан атайын кеңсе бөлүндү.

Бул ири демилге токой калыбына келтирүү тармагындагы улуттук потенциалды чыңдоого багытталган. Долбоордун алкагында үч токой питомниги түзүлүп, Мамлекеттик токой фондунун 300 гектар аймагында токой отургузуу белгиленди.

Тараптар бул кызматташтык Кыргызстандын токой чарбасын туруктуу өнүктүрүүгө жана экологиялык коопсуздукту чыңдоого маанилүү салым кошоруна ишеним билдиришти.

 

124