7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан менен Кытайдын министрлери мамлекеттик карыз маселесин талкуулашты

1154

Кечээ, 11-майда Кытайдын Сиань шаарында Кыргызстан менен Кытайдын ТИМдери жолугушту.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Кытайга болгон мамлекеттик карызын жөнгө салууну жана инвестицияларды тартуу маселелери талкууланды. Ошондой эле «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу, «Бир алкак – бир жол» демилгесинин алкагында биргелешкен инфратүзүмдүк долбоорлорду илгерилетүү маселелерине көңүл бурулду.
Кытайдын тышкы иштер министри Ван И кыргыз-тажик чек ара жаңжалында жабыркаган кыргыздарга кытай тарап жардам берүүгө даяр экендигин билдирди. Аны менен катар кытай тарап президент Садыр Жапаровдун реформаларын колдоого даяр.

Министр Ван И Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин эске алып, Кытай тараптын чечими жөнүндө төмөнкүлөрдү маалымдады:

  • 150 миң доза көлөмүндөгү кытай вакцинасынын экинчи партиясын акысыз негизде гуманитардык жардам катары берүү;
  • Кыргыз Республикасынын экономикасын колдоо үчүн 350 миллион юань (54 миллион АКШ долларына жакын) өлчөмүндө грант бөлүү
  • Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасынын алдындагы мамлекеттик тышкы карызы боюнча төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу үчүн кошумча үстөк койбоо жөнүндө;
  • COVID-19 пандемиясынын айынан убактылуу токтотулган гранттык долбоорлорду ишке ашырууга катышкан кытайлык адистерди Кыргыз Республикасына жөнөтүү;
  • Кыргыз Республикасына азык-түлүк жардамын көрсөтүү маселесин карап чыгуу.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен Кытай Эл Республикасынын тышкы иштер министри Ван Инин ортосунда 2022-2023-жылдарга карата кызматташуу программасына кол коюлду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1155