7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан менен Россиянын президенттери телефон аркылуу сүйлөштү

334

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-августта, Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Телефондук сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Россиянын президенти Владимир Путиндин АКШнын президенти Дональд Трамп менен Аляскада өткөн сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча пикир алмашышты.

Садыр Жапаров россиялык-америкалык саммит ишенимди бекемдөөгө жана глобалдык чыңалууну басаңдатууга карай маанилүү кадам болгонун белгиледи.

Ал ошондой эле кыргыз тарап Россия Федерациясы менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн жетишилген деңгээли украиналык кризисти тынчтык жолу менен жөнгө салуу үчүн кошумча шарттарды түзөрүнө ишенээрин белгиледи.

«Кыргызстан Евразиянын борборунда жайгашкан жана аймактык интеграциялык бирикмелердин ишине жигердүү катышкан өлкө катары аймактагы туруктуулукту чыңдоого өзгөчө маани берет жана Россия Федерациясы менен туруктуу өнүгүү максатында кызматташууга даярдыгын ырастайт», — деди Садыр Жапаров.

Соңунда тараптар эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги маанилүү маселелер боюнча пикир алмашууну мындан ары да улантуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

 

335