7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан менен Россиянын ТИМдери сүйлөшүштү. Эмнелер талкууланды?

2218

Бүгүн, 1-майда Кыргызстан менен Россиянын тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаев жана Сергей Лавров телефон аркылуу сүйлөштү.

КР ТИМден билдиришкендей, сүйлөшүүдө кыргыз-тажик чек арасындагы учурдагы кырдаал талкууланды.

Министр Казакбаев 28-30-апрелинде чек арадагы окуялар жана Баткен облусундагы учурдагы кырдаал жөнүндө маалымат берди. Ал кыргыз тараптын Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында жогорку деңгээлдеги жетишилген келишимдерди аткарууга ниети бар экендигин баса белгиледи.

Казакбаев менен Лавров келип чыккан чыр-чатактуу кырдаалды саясий дипломатиялык сүйлөшүү жолу аркылуу гана чечүү керек деген бир пикирде болушту.

Лавров белгилегендей, Россия Кыргызстандын чек ара аймагындагы кырдаалды тыкыр көзөмөлдөп турат жана кыргыз тараптын окуяны жөнгө салуу боюнча жүргүзүлүп жаткан аракеттерин кубаттайт. Ал Россиянын кырдаалды мындан ары турукташтырууга ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө жана жаңжалдан жапа чеккен Баткен облусунун жашоочуларына жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Кыргызстан менен Россиянын Тышкы иштер министрлери жакынкы аралыкта алдыдагы тышкы саясий иш-чаралардын графигинин алкагында жолугушууларды уюштурууга макулдашышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2219