7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан менен Түркия курулуш тармагындагы долбоорлорду бекемдейт

201

Күн мурун курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Мекин Мустафа Кемаль Өкем менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы кылымдардан берки достук мамилелер белгиленип, курулуш тармагындагы тажрыйба алмашуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери каралды.

Министр Нурдан Орунтаев кыргыз тарап турак жай жана инфраструктуралык курулушту, ошондой эле жогорку сейсмикалык активдүүлүктү эске алуу менен объектилерди сейсмикалык жактан туруктуу долбоорлоо жана куруу багытында кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Өз кезегинде Түркия элчиси түрк тарап эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү чыңдоого, ошондой эле эки өлкөнүн тиешелүү ведомстволору менен ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы практикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экендигин ырастады.

Жыйынтыгында тараптар өнөктөштүктү мындан ары да тереңдетүүгө ишеним артып, кызыкчылык жараткан маселелер боюнча жумушчу байланыштарды улантууга макулдашты.

202