7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан менен Түркиянын Ички иштер министрлеринин жолугушуусу болуп өттү (ФОТО)

653

Бүгүн, 8-ноябрда Түркия Республикасынын Ички иштер министри Сулейман Сойлунун жумушчу сапарынын алкагында Ички иштер министри Улан Ниязбеков менен эки тараптуу жолугушуу болуп өттү.

Министр биргелешкен иштин өнүгүшүнүн оң динамиканысын баса белгилеп, ИИМдин кызматкерлери үчүн түрк полициясынын алдыңкы жетишкендиктерин иликтөө жана милициянын ишмердүүлүгүнө жаңы ыкмаларды жана технологияларды киргизүү боюнча тренингдерди уюштургандыгы үчүн түрк тарапка ыраазычылык билдирди.

ИИМдин жетекчиси белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Эл аралык кызматташууга чоң маани берет.

Дүйнөнүн глобалдашуусунун шартында Кыргыз милициясы ар дайым кылмыштардын бардык түрлөрү — экстремизм, баңгизат жана кибер кылмыштар менен күрөшүүдө эл аралык өнөктөштөр менен иштешүүгө даяр жана анын негизги милдети эки өлкөнүн жарандарынын тынч, бакубат жана коопсуз жашоосуна көмөк көрсөтүү болуп саналат”, — деди Улан Ниязбеков .

Жолугушуунун алкагында меймандарга ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын Ыкчам башкаруу борбору, санариптик камсыздоо борбору, ИИМдин жалпыга маалымдоо каражаттары жана коомчулук менен иштөө боюнча модернизацияланган Басма сөз кызматы борбору, расмий делегациялар менен жолугушуу жана онлайн-конференцияларды өткөрүү үчүн эл аралык кызматташтык залы тааныштырылды.

Түркиянын ИИМдин башчысы Улан Ниязбековго жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен Түркиянын Ички иштер органдарынын ортосундагы тажрыйба алмашуунун жана кызматташууну өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Өз кезегинде, Сулайман Сойлу кылмыштуулук менен күрөшүүдө министрликтер ортосундагы өз-ара аракеттешүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, кызматташууну мындан ары бекемдөөгө даярдыгын билдирди.

Жолугушууну жыйынтыктап жатып, Улан Ниязбеков Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө жана эки өлкөнүн компетенттүү органдарынын ортосундагы өз-ара аракеттешүүнү андан ары кеңейтүүгө даяр экендигин белгиледи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

654