10-марттан 16-мартга чейин Душанбе шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстандын жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду. Жолугушуу достук маанайда жана өз ара түшүнүшүү деминде өттү.
Белгилей кетсек, кийинки жолугушуу Кыргызстанда өткөрүлөт.