Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев жана Сироджиддин Мухриддин бүгүн телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
Тараптар кыргыз-тажик алакаларынын күн тартибиндеги маанилүү маселелерин талкуулашкан.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кесиптештер өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү жана тереңдетүү максатында биргелешкен ишти активдештирүүгө ниеттерин билдиришти.