7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери жолукту

555

Кечээ, 22-мартта Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин башчылары кыргыз-тажик кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин жана мамлекеттер ортосундагы мамилелердин өнүгүү келечегин талкуулашты. Ошондой эле министрлер жакынкы келечекте жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги иш-чараларды уюштуруу боюнча пикир алмашышты. Эки тараптуу мамилелерди активдештирүү максатында тараптар жакынкы аралыкта эки өлкөнүн компетенттүү органдарынын жетекчилеринин деңгээлинде жолугушууларды өткөрүү зарылдыгын белгилешти. Тараптар ошондой эле кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топтордун жолугушууларын улантуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Мындан тышкары, министрлер алдыда боло турган Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын Төртүнчү Консультативдик жолугушуусу боюнча пикир алмашып, регионалдык кызматташтыкты өнүктүрүүдө жана тереңдетүүдө бул жогорку деңгээлдеги регионалдык платформанын уникалдуулугун жана маанилүүлүгүн баса белгилешти.
Тараптар ошондой эле эл аралык жана регионалдык коопсуздук маселелерин, анын ичинде Украинанын айланасындагы кырдаалды талкуулашты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

556